www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ач бала, ток баланы сүйбөйт», акчасы жок эл, акча менен ойногон «балашкаларды» сүйбөйт. Мурун балдар да иреттүү жашынбак, токту сурамай деген улуттук оюндарды ойношо турган. Эмки «балашкалар» соткадан башы чыкпай, көчөгө да чыгып ойнобой, бири-бирин тааныбай калышты. Мурун бийлик башына бир топ тепкичтик номенклатуралардан өтүп, каныккан кызматкерлерди койо турган. Азыр соткадан «Синий кит» ойноп жаткан «балашканы» аке-жакелери бийликке алып келишип, чоң мансаптарды беришсе, алар эл үчүн кызмат кылышпай ишти пара алгандан башташат. Мындайлар толтура алсак: министр Дыйканбаев Азамат, «Кыргызалтындын» төрагасы Элмырза Үкүбаев жана башкалар. Ал эми Сыймык Жапыкеев чагылгандай тез финполициядан байып Ысык-Көлгө прокурор болуп кеткен, эми байып алган соң эл үчүн иштегиси келбей калыптыр. Элмира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Алмаз Бейшеналиев октябрь башаламандыгынан пайдаланышып чоңоюп чочойушкан, булар эл үчүн иштей алышкан жок, өз капчыктарын калыңдап жатышып, иштеген жерлерин ала салдырган бойдон кетишти.

Эми деле Дюшекеев Дастан дипломатиядан кабары жок, тажик-кыргыз кырдаалынын курчушуна эч бир таасир тийгизе албаганы менен президенттик аппараттын тышкы иштер саясатын тейлеп жатат.

Сотту зордук-зомбулук менен тейлеген Манас Арабаевдин ордуна жаңы «серый кардинал» пайда болгон. Ал Жусупов Медер. Бүгүнкү күнү соттогу ар бир иш Жусупов Медердин жеке көзөмөлүндө туруп, бул «балашканын» түкүргөн түкүрүгү жерге тийбей турган убагы.

Дагы бир Иминов Махамаджон Саидович деген адам укугун коргогон президенттин ишенимдүү адамы Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы бар. «РАЖ» фракциясында Иминов Фархад деген депутат болгон, Бабановду өлсө кошо өлөм деп, анын артынан чуркап жүрүп мандатып тапшырып жок болгон. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Дагы бир «балашка» отузга толо элек Султанбаев Эрбол болгон эки-үч күн эле болуп али пара сураганга жарай элек. Татынакай иштеп жаткан Галина Байтеректи түртө салып, ордун ээлеген «балашка» Султанбаев Эрбол Атамбаевдин пресс-катчысы Жанар Акаевге окшоп алыска секирип, өз кожоюнун каап албас бекен?

Пара алып кармалган «балашка»

 2021 жылдын 5 майында өкмөт башчынын вице-премьери болгон отуздун тегерегиндеги министр Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович  15 күндөн кийин 20-майда, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн  чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнөн бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылган. Дыйканбаев убактылуу камакка алынган.

Жапаровдун жардамчысы 3 ай иштеп эмнеге 100 000 сом менен колго түштү?

Жаштар келсе эле оңдурат дегени ишеним бар эле. Садыр Жапаров октябрь башаламандыгынан соң бийликке келип бир топ иштеп жаткан адамдарды кызматынан бошотуп, ордун Ленин мамлекетти электрлештиргендей, Жапаров мамлекети “балашкалаштырып” жиберди. Ошолордун бири президенттин кеңешчиси Акылбек Жапаров ай-жылдызга теңеп кызматка алып келген, анын жардамчысы, 33 жаштагы Элмырза Үкүбаев болгон. Үкүбаев үкабыз депутат Акылбек Жапаровдо жардамчы болуп жүрүп, ичип-жегенди ой-да үйрөнгөн кыраан экен. Президентке кеңешчи Жапаровдун сүрөөсү менен Атамбаев Алмазбектин убагынан бери “Кыргызалтында” иштеп, Тогуз-Тородогу “Макмалалтындын” чуулгандуу иштерин басып келаткан Алмазбек Алимбековду кепек ордуна көрбөй 2020-жылдын 13-ноябрда  анын ордун тартып алат. 13-ноябрда “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Үкүбаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып, дайындоо чечими кабыл алынган. Албетте, бир эмес эки Жапаров бата берип жатса, өзү “балашка” болсо, ал чоң кызматка келбегенде ким келет эле? Бул шүдүңгүт “балашка” Үкүбаев үкабыз толук үч ай иштей электе эле жаштарды уят кылып кекиртегин тыя албай,  коррупция беренеси менен кармалып отурат. Үйрөткөнү Жапаров болсо, үйрөнгөнү Үкүбаев эмнени жасамак эле?

Кыргызалтын ААК Башкармалыгынын Төрагасы Үкүбаев мансапка тургандагы карызынан кутулайын дегенби? Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК ККК Кыргызалтын ААК Башкармалыгынын Төрагасы Үкүбаев тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.

Аталган Үкүбаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. 2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда Үкүбаев кармалды. Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргызалтындын жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө 2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Үкүбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2021-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту «Кыргызалтындын» төрагасы Үкүбаев пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 2021-жылдын 12-апрелине чейин камоо туралуу баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө иштеринде «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы Үкүбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75% пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Үкүбаев жана «Кыргызалтын» ААКнын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп бул бечара камалып жатат, кожоюну Акылбек Жапаров даң салып жүрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости