www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Эмомали Рахмон тирүү эмес экендиги тууралуу маалыматтар тарады. Бул маалыматтар коомчулукта ар кандай талкууларга себеп болду.

Жакында Өзбекстандагы aniq.uz сайтына тажикстандык булак, атын атоодон баш тарткан кесиптешибиз, президенттин каза болгонун тастыктаган билдирүү жасады.

Учурда расмий булактар бул маалыматты ырастаган жок жана эч кандай мамлекеттик деңгээлде комментарий берилген эмес. Ошондуктан бул маалыматты расмий түрдө чындык деп кабыл алуу мүмкүн эмес.

Бир нече көз карандысыз булактар мамлекет башчысынын саламаттыгы акыркы убактарда кескин начарлаганын билдиришет. Дарыгерлердин аракетине карабастан, өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги буга чейин кабардар болгон жана чукул жыйындар өткөрүлүүдө.

Азырынча расмий билдирүү мамлекеттик маалымат каражаттарынан берилген жок, бирок ар кандай булактардан келген маалыматтардын шайкештиги кабарлардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Социалдык тармактарда колдонуучулар көңүл ачуучу берүүлөрдүн токтотулушу, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү жана аза күтүү иш-чараларына даярдык тууралуу жазышууда.

Редакция кабарды терең кайгыруу менен жеткирет. Саясий көз караштарга карабастан, мамлекет башчысынын өлүмү өлкө жана коом үчүн оор сыноо болуп саналат. Бул учурлар сабырдуулукту, жоопкерчиликти жана жарандардын сезимдерине урмат көрсөтүүнү талап кылат.

Бирок, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 16-февралда Тажикстанга расмий сапар менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен жолугушуу өткөргөнү тууралуу маалымат тарады.

Биз кырдаалды байкап турабыз жана расмий маалымат чыкса, кошумча кабар беребиз.

Последние новости