www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда маршруттук таксилердин айдоочуларын тажиктерге теңеди.
«Бишкектин маршрутка айдаган айдоочуларында патриоттук сезим нөл. 10 сомго 5 сом кошкула деп, 5 сом үчүн таарынып үйүндө жатканы уят.
Сырттагы душмандар кылычын кайрап турганда, мекенчилдик сезимдери сокур тыйынга байланып, өз элин кекетип турганы кечирилгис эле иш. Түшүнүгү тар, кара курсактан башкага башы жетпеген пас калк экенсиңер» – дейт Эрнис Нурдин.
Эске сала кетсек, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Ал эми бул маселени карап, чечип бере турган Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуу катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg