www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактардын курмандыктары

Бүгүнкү күнү социалдык тармактардын колдонуучулары өзгөчө сүрөттөргө, боёкторго басым жасап калышты. Мындай сүрөттөрдүн арасынан экстремалдуу, кооптуу кадрлар көп “лайк” чогултары талашсыз. Ушундай кадрларды тартып, катталуучуларын таң калтырууну каалагандардын айрымдары эң баалуу болгон өмүрү менен коштошуп кете беришет.

Түз эфирде курттарды жеп жатып жан берген Сан
Кытайлык блоггер Сан DouYu инстаграм аркылуу күн сайын кечке маал түз эфирге чыгып, өзү алдын ала даярдап койгон нерселерин жеп, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турчу. Шарт боюнча ал барабанды айлантат да, анын сызыкчасы эмнеге токтосо, ошону жеп берүүсү керек болот. Сандын койгон азыктарынын арасында жумурткадан баштап шарап, уксус, тирүү, уулуу курттар, дегеле курт-кумурсканын түрү болгон. Мындай таң калычтуу блогду күнүнө 15 миңдей адам көрүп турчу. Адаттагы эфиринин биринде Сан кескелдирикти алкоголдук ичимдик менен жеп, анын артынан уулуу көп аяктуу курттарды жеп жатып ошол жерден мерт кеткен. Блоггердин мындай аянычтуу өлүмүн түз эфирдеги адамдардын баары көрүп турушкан жана тиешелүү адистер келгенче түз эфир өчпөй турган.

Көпүрөдөн ыргып кеткен
Испаниянын жашоочусу Сильвия Рейчел өзүн өзү сүрөткө тартууну жакшы көрчү. Өзгөчө селфи жасоо максатында Испаниянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Пуэнте-дэ-Триана көпүрөсүнө келет да, кечке маал тартылган селфи өзгөчө болорун билип, күндүн батуусун күтөт. Убакыт келгенде көпүрөгө келип, бир колу менен уюлдук телефонун, экинчиси менен көпүрөнүн тосмосун кармап түшөйүн деп жатып кокустан колу тайып кулап кеткен. Селфи сүйүүчүсү бийиктиктен келип бетонго тийгени үчүн анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Өзүн атып алган Оскар
Жакында эле 21 жашка толгон мексикалык Оскар Агилар Отеро да селфинин курмандыгы болгон. Ал куралды бооруна кысып алып сүрөткө түшүп жатканда белгисиз себептер менен куралдан ок чыгып кеткен. Денесин тешип өткөн октон улам көп кан жоготкон Оскарды доктурлар сактап кала алышкан эмес.

Токко урунуп каза болгон сүрөтчү
Орусиялык Ксения Игнатьева Санкт-Петербург шаарында жашап, жайкы каникулда сүрөтчү болуп иштечү. Башкаларды гана сүрөткө тартпай, өзү да өзгөчө жерлерден сүрөткө түшүүнү жактырчу. Бир күнү Ксения өзү жашаган аймактагы эң бийик “Северный Пальмир” темир жол жана транспорт көпүрөсүнө чыгып селфи жасамак болот. Тилекке каршы, бийиктиктен өзүн өзү кармана албай, жанындагы 1500 вольттук электр кабелин кармап токко тартылып каза болгон. Ксения бир айдан кийин 18 жашка чыкмак.

Рулду башкара албай калган
Пуэрто-Риколук байкер Рамон Гонсалес мотоциклдин ылдамдыгын жогорулатып айдап видеого түшүүнү пландайт. Анын бул кыялын ишке ашырууга эч ким жардам бермек эмес, ошондуктан эки ишти тең өзү бирдей алып кетүүсү керек эле. Бирок байкер бир колу менен башкарып бараткан мотоциклдин рулун башка жакка буруп алып, жанындагы унаага барып урунган. Жогорку ылдамдыкта учуп бара жаткан мотоциклдеги адамдын аман калуусу мүмкүн эмес эле.

Аскадан кулаган Мишель
Америкалык Мишель Кейси жаратылыш койнунда сейилдөөнү, суу жээктеп кыялданууну адатка айланткан 21 жашар студент кыз эле. Бир жолу ал сүйлөшкөн жигити менен аскага чыгып бара жатып токтой калып, артындагы Тынч океанын кошуп селфи кылмак болот. Анан сүрөткө түшүп жатканда кокусунан буту сыйгаланып кетип, 30 метрлик бийиктиктен кулаган. Эгерде бактар болбосо, Мишель түз эле океанга куламак. Куткаруучулар кызды ооруканага алып барышкан, бирок кыздын өмүрүн сактап калууга кеч эле.

Учкучтун селфисинен улам самолёт кырсыкка учураган
АКШнын Колорадо штатынын тургуну, 29 жаштагы учкуч Амрит Пал Сингх эки кишилик самолётту башкарып бара жатканда селфи кылат. Мунун кесепетинен асманга багыт алган самолёт төрт мүнөттөн киийн эле жерге кулаган. Жыйынтыгында, учкуч, анын жанындагы мектеп окуучулары үчүн кызмат кылууга учуп бара жаткан музыкант да каза болгон. Окуядан соң учкучтун мурда да иш учурунда селфи жасап жүргөнү анык болгон.

Таасирлүү селфи кылам деген окуучу көп кабаттуу үйдөн кулаган
Орусиялык Андрей 11-класстын окуучусу болгон. 2015-жылдын 24-сентябрында Андрей достору менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырына чыгып селфи кылышат. Бирок жөн эле селфилер Андрейдин купулуна толбой, учуп бара жаткан адамдын элесин чагылдырууну каалайт. Көп кабатуу үйдън кырында карманып турган окуучунун күчү калбай жерге кулаган. Кооптуу, экстремалдуу селфи кылуу өспүрүмдүн хоббиси болгон. Ошондуктан бул сүрөт анын биринчи селфиси эмес эле. А бирок бул ирет ийгиликсиз аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости