www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков вотсап аркылуу ар бир сотко эскертүү смс жөнөтүптүр, "президенттин кабыл алуусунда болдум, президент аябай нааразы таза иштейли" деген мааниде.
Бул SMSти окуган соттор өңалеттен кетишип, келмелери оозунан түшүп корккондорунан жүрөктөрү саруулап жаман болуп жатышат дейт.
Арийне, Базарбеков соттордун ишмердүүлүгүн, пара алуу сыяктуу коррупциялык схемаларын SMS аркылуу эле чечип койсо, анда мындан ары соттор акыйкат чечим чыгарып, таза иштеп калышат тура. Реформа болбосоң коё кал. Мындай уникалдуу ыкманы дүйнөнүн эч бир өлкөсү ойлоп табыша элек.
Буюрса, эми мындан кийин соттон адилеттик таппай запкы тартып жүргөн ар бир жаран, Замирбек Базарбековдун SMSин келжеңдеп пара талап кылган соттун бетине чаап, акыйкат чечим чыгартып алышса болчудай.
Сотторго Базарбековдун: "Сиздерге дагы бир жолу катуу эскертүү берем. Таза иштегиле! Эгерде азыркы күндө алып жаткан эмгек акыңар жетпесе, кызматты таштап кеткиле дагы, бизнес кылгыла", - деген SMSин окутуп койгула, болду маселе тамам болду дей бергиле.
Булак: NazarNews.kg