www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алыста жүрүп Кыргызстанды сүйгөн мигрант жигитибиздин патриоттук сезимдерди ойготкон төмөндөгү ыр саптарын тартуулайбыз.
Улуу элек бир убакта,
Уулдары намыска бек,
Урпактарын нарк-насилин,
Улантып алышса деп,
Аталар жанын үрөп,
Жакшылыкка чакырышып,
Жексурлук,жемкорлукка,
Жебедей атылышып,
Жат жандарга билгизбей келди эле го,
Жаманын жакшысын да, Жан дүйнөгө батырышып.
А бүгүн Мекенимдин,
Соттору "соолуп" жатат,
Иш козголгон чиновник ооруп жатат,
Сатылма адвокаты,
Сайрап-какшап коруп жатат.
Кыргыздар ойгонгула,
Кыйын күндүн "шамалы"согуп жатат.
Жалаа менен такталбаган,
Укуктары сакталбаган,
Абакта канча жандар,
Олтурат акталбаган.
Качканы качып кетти,
Кара жемсөө айынан,
Карайлатып кай бирин сатып кетти.
Ошол арам тамактардын айынан,
Карапайым калк жабыркап,
Карызга белчесинен батып кетти.
Милицияң коргоочу эмес,
Кордоочуга айланды,
Аялзатка кол көтөргөн андайды,
Абийирин ачыш керек,
Казынасын чачыш керек,
Андан кийин атыш керек ага окшогон айбанды.
Депутаттар, Сапаты жок саны бар да жөн гана,
Уялганы,кубарганы олтурат,
Көнүп бүткөн эл да ага.
Кайрадан шайлоо дешип,
Далайы ичтен түтөп,
Келбей калсам эмне болот? деген собол күндө күчөп.
Зар кайгы тартканы бар,
А бирок келүүнүн да,
Жолу бар шарттары бар.
Акчасын аябаса,
Тизмеге кирүү үчүн,
Кара жанын сабаласа,
Кайрадан креслого,
Жабышуусу ажеп эмес.
Эшеги суудан өтсө,
Элдин зары аларга кажет эмес.
Кайран кыргыз,
Уул -кызың жумуш издеп,
Чет жерде чилдей тарап,
Башка элдин дили сиңип,
Башка элдин тили сиңип,
Баалуулугун кыргыздын билбей барат.
Жамы журтка кесири тийип бир күн,
Так жүрөктү наадандык тилип бир күн,
Жарык күндүн шооласы тийбей калат.
Чек арада чыр күчөп жылда жаңжал,
Коркунучтуу түндөр да,
Аткан таңдар,
Качан дагы ок үнү жаңырат деп,
Сары санаага баткан жандар.
Кокус үндү эшитсе,
Чыга калып эшикке Жанын коргоп качкан жандар.
"Караларың "кадимкидей,
Жүргүзүп үстөмдүгүн,
Алсызды баса калып,
Алкымдарын тыя албай,
Акча десе жата калып,
Өзү кыргыз,
А бирок кыргыздарды кор тутушуп,
Өчпөгөн өчү бардай коркутушуп.
Басынтып бар нерсесин тартып алып,
Билбейт аттиң тоодой күнөө,
Баратканын жонуна артып алып.
Мына ушундай,
Миңин эмес,
бирин айттым,
Жакшы күнүн эңсеген кыргыздардын,
Толуктаган катарын,
Томсоргон уул-кыздардын,
Мен дагы алыстагы мигрантмын.
Азыркы жаңы ажобуз,
Урпагымын десе чындап Манастын,
Калың элдин ар намысын талашсын.
Эзелки баалуулукка кайтам десе,
Эски сөзүн бабамдын айтам десе,
Карт тарыхта өчпөс болуп калат чын.
Ушул ойлор эзип мени,
Учу-кыйыры түгөнбөгөн узун жолдо бараттым- дейт жаш акын, алыскы Түркияда жүргөн мигрант, кыргыз үчүн бычакка сап жигиттерибиздин бири Акбар Жанышбеков.
Булак: NazarNews.kg