www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиевдин катышуусунда Нарын ОИИБдин 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жыйынтыкталды. Алгач, А. Орозалиев башкармалыктын өздүк курамы менен учурашып, кызматтык милдетин так аткарып, ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык, атайын наамдарды тапшырды.
Аталган кеңешмеден кийин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Нарын облусунун тургундары ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин жеке кабыл алуусунда болушуп, чет өлкөгө иштөөгө кеткен мигранттардын туугандарына калтырылган балдары жана коомдук алдын алуу борборлорунда да жаралган көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды.
Өзгөчө мигранттардын балдарына карата жасалган зордук-зомбулуктар, алар тараптан жасалган кылмыштар менен укук бузуулар, өз өмүрүнө кол салуу фактылары боюнча көйгөйлөр айтылып, «Нур-Жол-Бер» коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча төрайымы С. Жумалиева тарабынан мигранттардын балдарына арналган борбор ачуу сунушталды. А. Орозалиев жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнү Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги У. Аалиевге тез арада чечүүнү тапшырып, аткарылышын өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.
Жарандарды кабыл алуусун аяктаган соң, Нарын ОИИБдин медицина кызматы, ЖКККБ, МКККнын өзүнчө ротасы жайгашкан имаратка барып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин Нарын облусундагы иш-сапарында коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча жакындан таанышып, стационардык бөлүмдөрдү жасоодо жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды.
Нарын облусунун тургундары ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кайрылууларын, арыздарын, андан сырткары көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg