www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн  Өмүрзаков Ош шаарында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 9-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер  министринин биринчи орун басары Сүйүн  Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун жарандарын кабыл алды.

Сүйүн  Өмүрзаков жеке өзү кабыл алуу менен жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги М.Нурдинов менен Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги М. Бороновго мыйзамга ылайык ыкчам чечүүлөрүн тапшырды.

Кабыл алууга 24 жаран келип, алардын кѳпчүлүгү туугандарына байланыштуу козголгон иштерди акыйкат чечип берүүнү суранышса, айрымдары тескерисинче жабыр тарткан тараптын туугандары болуп, күнѳѳлүү адамдарды катуу жазага тартып берүүнү суранышкан.

Андан сырткары, Ош шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүсүн дагы суранышты.  Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү кайрылуулардын көпчүлүгү жеринде чечилип, калган арыздарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөөрүн  билдирди.

Жарандар ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кайрылууларын, арыздарын, андан сырткары көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости