www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттун милдетин аткаруучусу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды.

2016-жылы аталган Б.Н.М. Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алыган жана 2021-жылдын 26-июнунда, Б.Н.М. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалды. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган. 

Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, Кыргыз Республикасынын судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде Б.Н.М. чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган. 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Б.Н.М. судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.

2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.М. аттуу жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости