www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша, Литва жана Латвиянын бийликтери эгер “Вагнер” тобунун жалданма аскерлери Беларуста кала берсе, чек арасын толугу менен жабууга даяр экенин эскертти. 

“Вагнердин” жалданма аскерлери 2023-жылдын 23-24-июнундагы Евгений Пригожиндин козголоңунан кийин дароо Белоруссияга келишкен. Бул Владимир Путин, Пригожин жана күтүүсүз жерден ортомчулукту алган Александр Лукашенконун ортосундагы макулдашуунун натыйжасы болгон.

Беларустун аймагындагы жалданма аскерлердин так саны расмий түрдө айтыла элек, “Вагнерге” жакын Gray Zone телеграм каналы өлкөгө жети миң жалданма аскер киргенин билдирген.

Евгений Пригожин менен "Вагнердин" командири Дмитрий Уткин 23-августтагы авиакырсыктан кайтыш болушту. 25-августта Александр Лукашенко "Башкалар анын жок болушун канчалык каалабасын, “Вагнер” жашап келген, “Вагнер” тирүү жана “Вагнер” Беларуста жашай берет," деди. Ал тургай жакынкы күндөрү өлкөдө жалданма аскерлердин саны 10 миңге чейин өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Азырынча Белоруссия менен чектеш Польшага, Литвага жана Латвияга “Вагнердин” согушкерлеринен тике жана ачык коркунуч болгон жок. Бирок алардын Беларуска жайгашканы Евробиримдик өлкөлөрү үчүн дестабилдештирүүчү фактор катары бааланып келет. 

Беларустун Коргоо министрлиги менен жалданма аскерлер 20-24-июлда Беларус-Польша чек арасындагы эң жакын өткөрмө бекеттен он үч чакырым алыстыкта жайгашкан Брест полигонунда армия менен биргелешкен машыгууларды өткөргөндөн соң, 8-августтан тарта Латвия өкмөтү Беларус жана Орусия менен чек араны кайтаруунун күчөтүлгөн режимин 2024-жылдын февралына чейин киргизди.

Литванын ички иштер министри Агне Билотайте 18-августта Литва дагы эки чек ара пунктун жабышы мүмкүн экенин жана коңшу өлкөлөр менен бирге чек араларды толук жабууга даяр экенин билдирди.

Жайдын биринчи жарымынан тарта Польша орус жана беларус номурлары бар жүк ташуучу унааларды өткөрмө бекеттери аркылуу өткөрүүгө чектөө киргизди.

23-августта үч өлкөнүн чек ара кызматтары жолугушуу өткөрүп, анда Беларус тараптан кооптуу жагдай жаралса кандай биргелешкен аракеттер болоору талкууланды.

28-августта Польшанын, Латвиянын жана Литванын бийликтери Минск тараптан “олуттуу инцидент” боло турган болсо чек араны толугу менен жабууга даяр экенин жарыялашты. 

Евробиримдик тарабынан айтылып жаткан нааразычылыктарга, эскертүүлөргө карата Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Евробиримдик өлкөлөрүнүн бийликтери чек араларды жабуу менен "өздөрүн жана өз жарандарынын абалын ого бетер начарлатат" дейт.

Ал өз сөзүндө: “Бизге Польша, Литва же Латвиянын жерлеринин кереги жок. Бирок азыр аларда, өзгөчө Польшада (парламенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген) шайлоонун алдында саясий психоз болуп жатат. Ошондуктан алар кырдаалды курчутуп жатышат. Жапса жаба беришсин, өздөрүнө гана зыян кылышат. Эли ансыз да жакырланып калды. Кышында бизден отун алып кетишти. Анткени жылытканга эч нерсеси жок болчу”, - деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости