www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардым. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүнө карата кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

-Тез арада “эгерде партиянын тизмесинде башка мамлекеттин жарандары катталган жана шайланган болсо, биринчи кезекте ошол партия жооп бериши керек” деген мыйзам кабыл алуу керек. Муну менен чектелбей, беш жылдык мамлекеттин чыгымын (салыктын эсебинен келтирген зыянын) он эсеге көтөрүп казынага төлөтүү зарыл. Ошондой эле андай катмарларга “кийинки шайлоолорго катыша албайт” деген мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек.

Себеби, башка мамлекеттин агентин кыргыз мамлекетинин эң жогорку бийлигине алып келди го? Тагыраагы, депутаттык тизмеге үлкөн акча менен кошулгандардын бүгүн минтип ишпалдасы чыгып жатат. Эгерде мындан ары катуу чара көрүлбөсө, эмки шайлоолордо (кытай, түрк, араб ж.б.) күйөө балдар, келиндер жана акчасы көп болгон чет элдиктер келишет. Басымдуу жетекчилердин көпчүлүгү бүнүнкү күндө өз пикирлери жоктой сезилет.

Баягы эле “шеф, сиз айткандай 2+2=5 болот” дегендей, жер-жерлердеги өкмөт өкүлдөрү жана өнөр жай, айыл чарба жетекчилеринде жоопкерчилик жана бийлик жокко эсес. Бийликтин баардыгы борборлошуп кетти. Ал жерде да толук жоопкерчилик жокко эсе. Спикер боюнча убагында айткам, Жогрку кеңештин төрагасы болгону алып баруучу (тамада)” деп.

Бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин төраганын мамлекеттин ысык-суугуна аралашканы көрүнбөйт жана сезилбейт. Болгону азыркы спикерге Өмүрбек Бабановго каршы убактылуу бийлик берип койгондой…

Булак: "Азия news"

Последние новости