www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда курал аткезчилигине шектелип кармалган эки адамдын бири "Республика" гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын уулу экендигин журналисттин өзүнө шилтеме берип 24.kg сайты жазып чыкты.
Сайтка комментарийинде Замира Сыдыкова уулун "IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок" деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун шектүү катары ысымы кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан деп түшүндүргөн. Экинчи шектүү адам Элдар Резванов Казакстандын жараны экени айтылууда.
Американын Виржиния штатында жашаган эки кыргызстандык Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине айыпталып кармалганын 1-мартта wjla.com сайты жазып чыккан. Анда 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу, аткезчилик боюнча айыпталып жатканы жазылган. Алар жүздөн ашык ок атуучу куралды алып, аны лицензиясыз, жасалма документтер менен башка товар катары көрсөтүп Чеченстанга жөнөтүүгө аракеттенгени кармалганы айтылган.
Жергиликтүү почта кызматкерлери мындай жүк дээрлик күн сайын жөнөтүлүп турганын маалымдашкан. АКШнын мыйзамдарында курал аткезчилиги үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы айтылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын чоо-жайы тууралуу маалыматты тактап жатат.
Булак: NazarNews.kg