www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө мектептин спорт залында өзүнө кол салган 11-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 5-февраль күнү саат 11:25 чамасында Барскоон айылындагы орто мектептин күрөш залында болгон. Кыз спорт залдагы темир турникке асынып турган жеринен дене тарбия мугалими тапкан. Мугалим тез арада жипти чечип, кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге мугалимдер жана тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу Жети-Өгүз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк кызды Бишкектеги ооруканага которушкан. Бирок, 14-февралда 2007-жылы туулган жашы жете элек кыз каза болгон.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары уланууда.

Последние новости