www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мюнхен коопсуздук конференциясында пайда болгон Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы тирешүү Украина үчүн экзистенциалдык коркунуч жаратты. Бул тууралуу Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко Facebook баракчасында жазып, конференциянын жыйынтыгын талдады.
Экс-президент Киев режиминин башчысы Владимир Зеленскийдин пландарынын эч кандай негизи жок экенин сындап, Украинаны бул иш-чарада саясатчылар эмес, "натыйжалуу менеджерлер" өкүлчүлүк кылганын белгиледи.
"Биз буга чейин эле түшүнүп жеттик: "сынбастык стратегиясы", "жеңиш формуласы", "тынчтык саммиттери" Украинаны талкалап жатат", — деп даттанды ал.
Ошондой эле, Порошенко НАТОнун ичиндеги бөлүнүү жана Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы чыңалуу Киев менен Вашингтондун ортосунда "туман жана түшүнбөстүктү" күчөтүп жатканын эске салды.
Мюнхенде 14-16-февралда өткөн 61-коопсуздук конференциясында ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү эл аралык саясий маселелерди, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды талкуулашты.
АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнс конференцияда сөз сүйлөп, Европа лидерлери өз жарандарынын үнүн укпай жатканын, аларды "үйрөтүлгөн жаныбарлар" катары көрүп жаткандай таасир калтырганын билдирди. Ал Европада шайлоолор негизсиз шылтоолор менен жокко чыгарылып жатканын, мисалы, Румынияда ушундай көрүнүш байкалганын айтты. Вэнстин айтымында, Европага коркунуч Россия же Кытайдан эмес, дал өзүнөн келип чыгууда. Залда отургандар анын сөзүн унчукпай угушуп, дээрлик кол чапкан жок.
Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп Вэнстин сөздөрүн укканын, анын билдирүүсүн жакшы деп баалаганын жана Европаны этият болууга чакырганын айтты.