www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык «Спутник V» вакцинасынын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган кошулмалар жок. Бул тууралуу Россиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдиргенин РИА Новости жазды.

Муфтий мындай бүтүмгө вакцинаны иштеп чыккандардын берген маалыматынын негизинде келген.

Белгилей кетсек, буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препаратты даярдоо учурунда чочконун желатини колдонулган-колдонулбаганы ойлондурган.

«Вакцинаны жасагандардан жооп келди. Препаратта чочконун желатини же кандайдыр бир адамга тийиштүү компоненттер (клеткалык линиялар) жок. Исламдын көз карашы менен алып караганда курамында тыюу салынган эч нерсе жок», — деди Аляутдинов.

Ал ошондой эле вакцинанын түзүүчүлөрүнө тактоочу суроолор жиберилгенин айтты.

«Бул боюнча фатва чыгарганы жатабыз», — деди муфтий.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин «Спутник V» вакцинасы менен эмделгени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости