www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү алар парламентте ант беришип, кызматка киришти. Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, азыр 16 болду. Коомчулукта өкмөттүн курамы кыскартылып, министрликтер, мекемелер бириккени талкуу жаратууда.

Жарандык активист Адил Турдукулов жыйынтыктар кандай болору бир жылдан кийин белгилүү болорун айтты. "Министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин саны кыскарганы менен, ал жерде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарса жана ошону менен эффективдүүлүгү жогоруласа ошондо биз чыныгы реформа болду деп айтууга болот. Эгерде бир гана министрликтер азайып, мамлекеттик кызматкерлер азайбаса, анда реформа болду деп айтуу оор. Менин оюмча, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин саны кыскарбайт. Анткени ошол азыркы бийликке социалдык база болуп бере алат. Бийликти адатта колдоп келген мамлекеттик кызматкерлер болот. Сапаттуулугу жогорулайбы же жокпу бул чоң маселе. Бирок Садыр Жапаров аткаруу бийлигине өзү жоопкерчилик алып жатат. Бул жакшы көрүнүш. Мурунку президенттер премьер-министрлерге шылтай беришчү. Ал эми жыйынтыктар кандай болорун бир жылдан кийин көрөбүз. Азыр айтуу кыйын", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости