www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Депутаттар Ош шаарына барды

Баткендеги кырдаалга байланыштуу Ош шаарында Жогорку Кеңештин штабы түзүлүп, тийиштүү жумуштарды алып барууда. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Штаб Жогорку Кенеша в городе Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022

Депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Алишер Козуев, Жанар Акаев жана Эмил Жамгырчиев Ошко барып, Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү иштерине катышкан. Муну менен катар депутаттар шаардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү эвакуацияланган жарандардан кабар алып, алар менен баарлашты.

Баткенден эвакуацияланган жарандар үчүн Ош шаарында жатак жайлар даярдалып, келгендерге медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.

Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости