www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан оор дартка чалдыккан 10 жаранды Корея Республикасында бекер дарылоо боюнча биргелешкен кыргыз-корей долбоору талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова билдиди.

Элчи Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстан Корея Республикасы менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга кызыккандыгын билдирген.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы медицина тармагында, атап айтканда, өзгөчө чөйрөдөгү жогорку адистештирилген докторлордун жана профессорлордун тажрыйба алмашуусунда кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледим.

Кемёнг университетинин Донгсан медициналык борборунда Кыргыз Республикасынан келген студенттердин жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү долбоорлорун, атап айтканда, университеттин филиалын, медициналык пункттун, ооруканасын же медициналык окуу жайын ачуу маселеси талкууланды", - дейт элчи Исмаилова.

Андан сырткары, жолугушууда Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Кемёнг университетинин ортосундагы кызматташуу меморандумунун ишке ашырылышын, ошондой эле Кыргызстандан оор дартка чалдыккан 10 жаранды Корея Республикасында бекер дарылоо боюнча биргелешкен кыргыз-корей долбоору талкууланды.

"Корей тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстандан 5 жарандан турган биринчи тобу болжол менен 2022-жылдын 17-сентябрынан 30-сентябрына чейин Корея Республикасына дарыланууга келүүсү пландаштырылууда. Ал эми, экинчи тобу 2022-жылдын 15-30-октябрына чейин келүүсү пландалууда", - деп билдирди элчи.

Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантуу макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости