www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте тонооого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июнда милицияга М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол эле күнү саат 20:30дар чамасында Манас менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада белгисиз адамдар 70 миң сомдук iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун күч колдонуп тартып алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип 30 жаштагы А.Т. жана 24 жаштагы К.Т. аттуу жарандар кармалган. Райондук соттун чечими менен А.Т. бир айга камакка алынган. Ал эми, экинчи шектүү үй камагына чыгарылган.
Милициядан билдиришкендей, шектүүлөрдүн биринен тонолгон телефон табылып, ээсине кайтарылган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.