www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канча убактан бери мамлекеттик цирктин айланасындагы чуу басылбай, кызматтык атмосфера кыйла начарлап кеткени маалым. Интриганын кесепетинен улам, цирктин абалы мышык ылай турган деңгээлге жеткен.
Ким циркке директор болуп келбесин абал өзгөргөн жок. Мына Садык Шер-Нияздын аркасы менен директор болгон Фархад Бекманбетов деле ишти тарта албай койду. Интригага алдырып, кызматкерлердин башын бириктиргенге кудурети жетпеди.
Ошого карабастан, иштен кетпей тырмышып келди. Акыры чарчады окшойт, кызматын тапшырып бермей болуптур. Туура кадам болду. Колунан келбеген ишке жармашып эмне кылат? Чамасы, эрки жетпеген соң, кызматтын кулу болуп жек көрдү болгондон көрө, кызматын өткөрүп бергени өзүнө эле жакшы эмеспи.
Булак: NazarNews.kg