www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондо ханыша Елизавета II менен коштошууга кирүү кайра жанданды, кезек күтүү убактысы 24 сааттан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик технологиялар, маданият, ЖМК жана спорт министрлиги Twitter баракчасына билдирди.
Күндүзү кезек дээрлик сегиз чакырымга созулгандыктан, алты саатка слзулду.
Кечке жуук каалоочуларга кайра кирүүгө уруксат берилди. Андан кийинки алгачкы мүнөттөрдө күтүү убактысы 24 сааттан ашып, андан кийин бир аз кыскарган.
Эске салсак, 14-сентябрда акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталып, анын жүрүшүндө табыт ханыша менен эл алдында коштошуу аземи өтүп жаткан Вестминстер сарайына жеткирилди. Ал 14-сентябрда саат 17:00дө башталып, 19-сентябрда саат 06:30га чейин уланат.
Елизабет II менен коштошуу үчүн кезекте тургандар көбүнчө өздөрүн жаман сезген учурлар катталууда. Лондондун тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, акыркы эки күндө 430дан ашык адам медициналык жардам көрсөтүлгөн Алсак, 14-сентябрда 291 адамга жардам көрсөтүлүп, алардын 17си ооруканага жаткырылса, 15-сентябрда дагы 144 адам медициналык жардам алып, алардын 25и ооруканага жеткирилген.
Елизабет IIни акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда Вестминстерде өтөт. Салтанат жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө башталышы пландалууда. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине чейин ханышанын сөөгү салынган табыт Вестминстер кабыл алуу залында төрт күн турат. Жарандык эскерүү кечесине ушунча убакыт бөлүнөт.
Елизавета II Улуу Британияны 70 жыл башкарган. Ал 8-сентябрда 96 жашында каза болгон. Улуу Британияда 10 күндүк аза күтүү жарыяланды. Анын уулу Чарльз тактынын мураскери болуп калды, ал 1952-жылы тактынын мураскору статусун алып, Чарльз III деген ысымды алган. Ошондой эле, жаңы падыша ханышаны акыркы сапарга узатуу күнүн дем алыш күн деп бекиткен.
Булак: NazarNews.kg