www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгон. Ал өлгөндөн кийин тактыга Уэльстин ханзаадасы Чарльз отурат. Британиянын жаңы монархы Чарльз III деп аталат.

1996-жылдын ноябрында Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Королдугунун мураскор ханзаадасы Чарльз Борбордук Азиянын жаңы эгемендик алган мамлекеттерине болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанга келген.

Күбөлөрдүн айтымында, сый тамакта сыйлуу конокко чүчүк, башкача айтканда, жылкынын эти, андан сырткары кочкордун башы да тартууланды.

Белгилей кетсек, Улуу Британияны 70 жыл башкарган Елизавета II каза болгонун бүгүн Букингем сарайы билдирди. Ал 96 жашта болчу.

Буга чейин, Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасы Елизавета II дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости