www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматыда батирлердин биринен "маугли" балдар табылды. Tengrinews.kz кабарчысы маалымдагандай, үч жаш бала бир нече жылдан бери Алматынын Медеу районунда апасы менен жашап, бирок кароосусуз жана көзөмөлсүз калган.
Документтерге ылайык, 2016-жылы эки бала, 2020-жылы иниси төрөлгөн. Кошунасы айткандай, балдар кейиштүү абалда күн кечирип келишкен. Алар жашаган батир таштанды жана адамдын заңына толуп калган. Ошондой эле кошунасынын айтымында, кичүү баланын кийими да жок болгон.
Бир нече күн мурун үч бала тең Алматыдагы оор кырдаалдагы балдарды колдоо борборуна жеткирилген. Ал жактагы кызматкерлердин да бул жагдайдан үрөйлөрү учкан.
"Биз жумушубузга байланыштуу бул сыяктуу көрүнүштөргө көнүп калганбыз. Бирок, мындай балдар бизге биринчи жолу келип жатат. Кичүү бала тамак ичүү үчүн кашык кармаганды дагы билген эмес", - деди борбордун кызматкери.
Аталган борбордун кызматкерлери балдардын апасы алкоголдук ичимдикке берилип, учурда ал дарыланып жатканын билдиришти. Айрым маалыматтарга карганда балдардын атасы алар менен жашабайт.
"Балдар кароосуз калган. Текшерүү учурунда кичинекей Р. аутизм менен ооруйт экени белгилүү болду. Азыр биз бардык инстанцияларга, поликлиникаларга кайрылып, невропатологдорду чакырып, психиатр, терапевтке жолдомо алып, текшерип жатабыз", - деди борбордун директору Нургүл Елибаева.
Анын айтымында, адаптация борборунда балдар алты айга чейин жүрө алышат. Андан ары алардын тагдырын камкорчулук органдары жана сот чечет. А түгүл, эгерапасы туура жолго түшсө, балдарды өзүнө кайтарып алышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg