www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРнын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иран Ислам Республикасына 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет.
Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иран Ислам Республикасына жеткирүүгө жөнөтүлдү.
Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.
Аталган жүк КРнын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси А.Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, иран тарапка тапшырылат.