www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркия Республикасынын Вице-президенти Джевдет Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушуу Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президенттеринин экинчи жыйынынын алкагында болду.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук, өз ара ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.
Жолугушууда тараптар экономика, инвестициялар, билим берүү, саламаттык сактоо жана соода кызматташтык сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Адылбек Касымалиев быйылкы жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү этап болуп каларын белгилеп, өкмөттөр аралык Иш-аракеттер планын практикалык багытта ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
“Белгилүү болгондой, өлкөлөрүбүздүн лидерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышкан. Бул багытта биз түрк инвестицияларын колдоого жана кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даярбыз”, — деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Джевдет Йылмаз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана бардык багыттар боюнча кызматташуунун динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана боордош мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.