www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Япония-Кыргызстан экономикалык кызматташтык ассоциациясынын (JKEEA) Төрагасы Тарутоко Шинджи менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жакында эле Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган Бакыт Төрөбаев жаңы кызматта экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жооптуу экенин белгиледи.
Буга байланыштуу ал кыргыз тарап бардык өлкөлөр, анын ичинде Япония менен өз ара пайдалуу инвестициялык өнөктөштүккө даяр экенин белгиледи.
Бакыт Төрөбаев Тарутоко Шинджини Ассоциациянын түзүлүшү менен куттуктап, анын көп жылдык тажрыйбасы өлкөлөр ортосунда бекем институттук байланыштарды түзүүгө салым кошконун белгиледи. Ассоциациянын түзүлүшү эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашыруунун узак мөөнөттүү механизми катары каралууда.
Президенттин атайын өкүлү кыргыз-япон мамилелеринин оң динамикасын белгиледи.
Бакыт Төрөбаев ошондой эле Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү динамикалуу өнүгүп, экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды издеп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Тарутоко Шинджи япониялык компаниялардын Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана биргелешкен долбоорлорго жигердүү катышууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле экономикалык жана инвестициялык демилгелерди ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн түз диалогдун жана институттук колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү жана кыргыз экономикасына япон инвестициясын тартуу боюнча макулдашышты. Жапон компанияларынын түрдүү тармактарга кызыгуусу артып жатканы белгиленди.
Приоритеттүү багыттар саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптик технологиялар, туризм, энергетика, инфраструктура, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана сейрек кездешүүчү металл кендерин иштетүү болуп калууда.