www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция президенти Эммануэль Макрондун көзүнүн абалы коомчулуктун көңүлүн бурду. Маалыматка ылайык, анын оң көзүндөгүкан тамыр жарылып, убактылуу ыңгайсыздык жараткан. Дарыгерлер бул көрүнүш олуттуу коркунуч туудурбай турган кадимки медициналык абал экенин билдиришкен.

Президенттик администрация Макрон өзүн жакшы сезип жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик иштерин үзгүлтүксүз улантып жатканын билдирди. Ошондой эле бул жагдай анын иш графигине же эл аралык жолугушууларына таасип этпегенин айтты.

Эске сала кетсек, Макрондун коомдук иш-чараларда көз айнек тагынган көрүнүшү дүйнөдө талкуу жараткан. Социалдык тармактарда ар кандай божомолдор айтылып, Макрондун жубайы кайрадан кол тийгизсе керек, деп жазгандар болду.

Франциянын президенти Макрондун абалы туруктуу жана эл аралык, ички саясаттагы жолугушууларга үзбөй катышып келе жатат.

Последние новости