www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы муниципалитеттин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынына катышты.

МинКаб башчысы өткөн жылдын маанилүү социалдык-экономикалык жетишкендиктерин белгилеп, өзгөчө акыркы беш жылда өлкөнүн консолидацияланган бюджети беш эсеге көбөйүп, 1 триллион сомдон ашык тарыхый көрсөткүчкө жеткенин айтты. Мамлекеттик каражаттардын өсүшү бүткүл өлкөнү модернизациялоого жана жаңылоого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

«Бишкек – мамлекетибиздин борбору жана мамлекеттик казынага олуттуу салым кошкон маанилүү каржы борбору. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган 304 миллиард сомдун 198,7 миллиард сому Бишкекке туура келет – бул болжол менен 65%. Буга байланыштуу борбордо жашап, иштеп, салык төлөгөн бардык субъекттерге, ошондой эле ири салык төлөөчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, мен өзгөчө баса белгилеп кетким келет – күч структуралары, фискалдык органдар бизнеске негизсиз текшерүүлөрдү токтотушу керек. Бул маселе өзгөчө көзөмөлдө», - деди ал.
Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын бюджети 2021-жылы 10,7 миллиард сомду түзсө, төрт жылдын ичинде 20 миллиард сомдон ашык көбөйгөнүн кошумчалады. 2024-жылы иш жүзүндөгү киреше 37 миллиард сомду, ал эми 2025-жылы иш жүзүндөгү киреше 30,6 миллиард сомду түзгөн. 1970-жылдан 1990-жылга чейин шаар архитектуралык жактан олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон, бүгүнкү күндө курулуш ошол эле темпте жүрүп жатат.

«Борборубуз жаңыланууда. «Ынтымак Ордо» шаардын гана эмес, жаңы Кыргызстандын да көркүнө чыкты. Стадиондун кичи аренасы жаңыланды. Шаардын ичинде да, сыртында да жолдор оңдолууда — беш жылда 218,1 жол курулду. Айтматов проспектиси шаардын жолдору эң жогорку стандарттарга жооп бере баштаганын тастыктайт. Жаңы парктар ачылып, мурдатан бар парктар реконструкцияланып, шаардыктардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүүдө. Ала-Арча жана Аламедин дарыяларынын нуктары тазаланып, «Алга» стадионунун жанындагы Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлдү. Жумуштар улантылып, аягына чыгарылышы керек. Турак жай курулушу активдүү жүрүп жатат», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы үстүбүздөгү жылы борбордо 32 жаңы мектеп куруларын белгиледи. 2022-жылдан бери 30 жаңы мектеп ачылып, 40ка жакын мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү, мурда авариялык абалда турган эки мектеп үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берилет, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу улантылат. Бишкекте үй тибиндеги 143 бала бакча ачылды.
Адылбек Касымалиев муниципалдык түзүмдөрдүн техникалык жабдылышына да токтолду. Бүгүн Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника берилди. 2021-жылдан бери шаарга газ жана электр энергиясы менен жүрүүчү 1493 автобус сатылып алынган. Акыркы эки жылда коммуналдык кызматтарга 446 жаңы техника келип түштү.

«Күнүнө 1000 тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, жылына 30 МВт электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүчү заманбап заводдун ишке киришкенин белгилей кетүү зарыл. Бул завод – Бишкектин экологиялык прогрессинин белгиси. Борборду башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу да күтүп турат. Жакынкы беш жылда Бишкек кыйла өзгөрөт», - деди ал.
Бишкек мэриясынын коллегиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.