www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан «спортобщак» деп аталган топтун өкүлдөрү катары белгилүү болгон «Д.Ж.» жана «Р.у.А.» аттуу жарандар кармалган. Алар чет өлкөлүк жарандардан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу менен алектенип келишкен.
Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Д.Ж. жана Р.у.А. 15 жыл бою системалуу түрдө коркутуу жана физикалык басым көрсөтүү аркылуу «Дордой» соода комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражаттарын опузалап талап кылып келишкен. Алар жүктүн ар бир баштыгына жана ар бир жүк ташуучу унаа үчүн өзүнчө акча алып турушкан.
Ошондой эле, Д.Ж. укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган.
Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу жана Р.Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы тастыкталган.
Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кармалган Д.Ж. жана Р.у.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.