www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштун Кара-Суу районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июнда Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Алим-Төбө айылында 50-55 чамасындагы аял кишинин өлүмүнө тиешеси бар делген жаран колго түшүрүлдү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү маркумду унаа менен сүзүп кеткен.
Шектүү жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну А уулу Р. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалымат Кара-Суу РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 144-берененин (Коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 10-июнда саат 08:00 чамасында Кара-Суу районунун аймагындагы талаа аркылуу агып өткөн арыктын четинде 50-55 жаштагы азиат улутундагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабарды жарандар милицияга билдиришкен.
Милиция кызматкерлери маркум Кара-Суу районунун тургуну 66 жаштагы М.М. экендигин аныктаган. Денеге сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттары бар экендиги байкалган. Жансыз дененин эмнеден каза болгондугун жана денесиндеги жаракаттардын оордук деңгээлин аныктоо максатында жана автоунаага карата тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Шектүүнүн “Subaru forester” үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg