www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук РИББинин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-апрелинде ИИМдин ички иликтөө кызматы (ИИК) менен бирдикте УКМК жүргүзгөн Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында Сокулук РИИБинин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары К.А.М. кармалды.
УКМК буга чейин С.Г., аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБинин тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган.
2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г., аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.
Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г., аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.
2022-жылдын 19-апрелинде саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М., кармалды.
Кармалган кызматкер КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg