www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз-Түрк маданият жана тилектештик коому менен биргеликте «Улуу Памирлик кыргыздардын Түркияга келишинин 40 жылдыгына» арналган салтанаттуу иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу Түркиядагы кабарчыбыз Динара Асылбекова жеринен билдирди.

Салтанатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Стамбул шаарындагы башкы консул Л.Сыдыкова, Стамбул облусунун губернаторунун орун басары О.Геврек, Зейтинбурну районунун акими О.Арысой жана Кыргыз-Түрк маданият жана тилектештик коомунун жетекчиси А.Кескин катышты.

Иш-чарада памирлик кыргыздардын тарыхына арналган көргөзмө, кыска метраждуу даректүү тасма жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышкан панелдик талкуу уюштурулуп, улуттук эстрада ырчылары жана акындары Гүлзада Рыскулова, Роза Аманова, З.Дүйшөнбек уулу, А.Султан уулу, Т.Кашымовдун катышуусунда жагымдуу концерт тартууланды.

Иш-чаранын катышуучулары этникалык кыргыздарды мааракеси менен куттуктап, улуттук каада-салтын жана маданий өзгөчөлүгүн бүгүнкү күнгө чейин сактап келгендигин өзгөчө баса белгилеп кетишти.

Динара Асылбекова, Түркия

Булак: NazarNews.kg

Последние новости