www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери өлкөнүн эгемен күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата 30-августтан тартып убактылуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Буга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 22-августта онлайн кеңешме өткөрдү.

Жыйында бул күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого, жол кырсыктарынын алдын алууга жана кылмыштуулукту азайтууга байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.

«Коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, коомчулуктун маселесин жеринде чечүү, санарип жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүү, коомдук-саясий кырдаалга, чек ара жаңжалдарына, улуттар аралык кастыкка, эл арасындагы чагымчыл учурларга өз убагында бөгөт коюу жана социалдык тармактарда жана  маалымат агенттиктерине коомдук тартипти сактоого байланыштуу маалыматтар чыккан кезде ыкчам жооп берүү керектигин белгилеймин.

Ошондой эле ыкчам иш-чараларды тынымсыз алып баруу – бардык ички иштер органдарынын приоритеттүү багыттары болуп саналат. Эл менен иш алып баруу учурунда  кандай гана маселе болбосун туура түшүндүрүү, карама-каршылыктарды жана абалдын чыңалуусун жараткан жагдайларды болтурбоо, маселелерди ыкчам чечүү, өлкөбүздөгү туруктуулукка, элдин тынч жана коопсуз жашоосуна шарт түзүп, ар түрдүү коркунучтарга бөгөт коюу – ички иштер органдарынын негизги милдети», - деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.

Маалыматка ылайык, 31-августта, Кыргызстандын эгемен күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 10 миңдей милиция кызматкери тартылат.

Жаңы окуу жылы башталган маалда балдарга карата зомбулукту азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту кыскартууга байланыштуу иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости