www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунда “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясын санариптештирүү багытында жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу “Улуттук энциклопедия: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган кереге кеңеш өттү.

Кереге кеңешке тармактык редакциялык кеңештин редакция башчылары, мүчөлөрү, илимпоздор, кызматкерлер, жетекчилер катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, ф-м. и. д., профессор К. Осмоналиев, КРУИАнын академиги А. Э. Эркебаев, КРУИАнын корр.-мүчөсү У. Н. Бримкулов, КРУИАнын корр.-мүчөсү Ө. Ж. Осмонов, техника илимдеринин доктору К. Алымкулов, география илимдеринин кандидаты М. Дүйшөнакунов, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Д. К. Керимов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ы. Кадыров, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун башкы редактору, ф.и.к, доцент Н. К. Маражапова катышты.

Кереге кеңештин аты айтып тургандай эле энциклопедиянын өткөн тарыхына, бүгүнкү абалына жана келечегине көз чаптырган кызыктуу маек жүрдү. Жүйөөлүү пикирлер, омоктуу ойлор ортого салынды. Энциклопедиянын дизайн концепциясын иштөө: сапаттуу контентти түзүп, бренд продукция-өнүмдү жаратуудагы иш аракеттер айтылды. Келечекке стратегиялык пландар талкууланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости