www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Кутман Турсункулов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда 2026-жылга карата кызматташуу планына кол коюлду.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын жана парламенттин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары өнүктүрүү маселелерин кеңири талкуулашты. Айрыкча парламенттик институтту чыңдоо, анын ачыктыгын, айкындуулугун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине көрсөтүлүп жаткан эксперттик жана техникалык колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Возможно, это изображение Овальный кабинет

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы кол коюлган кызматташуу планы демократиялык институттарды чыңдоого өбөлгө түзүп, мындан аркы кызматташтык үчүн негиз болорун билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти өнүктүрүү жана демократия борборунун директору Айжан Жакшылыкова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев катышты.

Возможно, это изображение текст

Возможно, это изображение текст

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Последние новости