www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Люстрация деп коюшат. Кыргызча айтканда тазалануу эле болот. Мамлексттик башкарууда ошол люстрацияны колдонуп аалам алкагында бир нече мамлекет саясаттагы, жетекчилик кызматтагы эски калдыктардан арылганы практика жүзүндө болгон. Болуп да келе жатат.
Жаз алды менен баягы Топчубек Тургуналиев баш көтөрүп, бизге люстрация мыйзамы керек деп чамынып чыкты, Аныгында Топчукенин айтып жатканы туура го, ыя? Ойлонуп көрбөйлүбү, так ушул бүгүн люстрацияга муктаж болуп турган жокпузбу?
Анткени,бийликке жаштар келсин дегенибиз менен, жалаң «чабалдар» келип алып, алар деле чеке жылытпай жатпайбы. Жаштар болсо дагы иштин көзүн билгендерди алып келбейлиби. Анан дагы эски кадрлардан тазалануубуз керек го.
Мына ушундан улам, эсил СССРдин эстеликтериндей болгон айрым аткаминерлер менен эгемендиктен соң ээлигип кеткен ээн-баш, алкымы араандай ачылган айрым саясатчыларга жана ишмерлерге тазалануу мыйзамы киргизилсе эмнеге болбосун?
Булак: "Де-факто"