www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Шабдан баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөрткөнү атпай журтка белгилүү. Тилекке каршы, Бишкек шаарынын көчө аттарын алмаштырууга мароторий бар экендигин, бир дагы депутат ачык айтып чыга алган эмес.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, көпчүлүк депуттар каршы чыкканы менен мэр Албек Ибраимов депуттарды бирден чакырып алып, муштумун кезеген имиш. Ошентип эки мүнөттө депутаттар шаардын көчөсүн "7-апрель" көчөсүнө айлантырды.
Бул көрүнүш, социалдык тармактарда катту сынга алынып, ал тургай аттуу-баштуулардын кыжырын кайнатпай койгон жок. Белгилүү укук коргоочу Токтайым Уметалиева: “Чындыгында көчөлөрдүн атын өзгөртүү боюнча мараторий жарыяланган. Мэр эмес, “менмин” дегени да көчөлөрдүн атын өзгөртүп койгонго укугу жок. Аны менен бирге эле коомдук угуудан өткөрбөй туруп эле, көчөнүн атын өзгөртүп койгону эмнеси. Көчөнүн атын өзгөрткөндө мамлекеттин казынасынан канча чыгым кетет, баарын тактап чыгыш керек эле. Эмне булар коом менен эсептешпейби? Бул–мыйзамды сыйлабагандык. Кечээ, Мээрбек Мискенбаев менен “эмнеге телтеңдеп атасың”, деп сүйлөштүм. Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаевге кайрылууну пландаштырып жатам. Көчөнүн атын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мыйзамсыз өзгөрткөнү боюнча Жогорку Кеңешке жана тийиштүү органдарга кайрылдым. Учурда каттын жообун күтүп жатам. Мыйзамсыз көчөнүн атын өзгөртүп жаткандыгы үчүн аларды сотко берем. 2020-жылга чейин эч ким көчөнүн атын өзгөртүүгө укугу жок – мыйзам ага жол бербейт”, деди Токтоайым Уметалиева.
Бир нече күн мурун Шабдан Баатыр көчөсүн Чүй проспектисинин түштүк тарабына чейин “7-апрель” көчөсү деп аталган. Ал эми, Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр деп өзгөртүлгөн. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алган эле.
Булак: NazarNews.kg