www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку аптада баш калаабыз Бишкекте эгемендүүлүк майрамы, ага  удаа 1-сентябрь билим  күнү менен өлкөбүздүн аймагындагы эң чоң мечиттин ачылышы чет өлкөлүк үлкөндөрдүн катышуусунда жүз берди.

Жайкы аптаптан бери дымып жаткан борбор калаабызда кадимкидей жаңдануу байкальш, алыс-жакындан келген меймандарга да толо түштү. Дал ушундай маанилүү өнөктүктөр маалында шаарыбыздын коомдук коопсуздугун күзөтүүдө Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахмановдун кирпик ирмебей, тикесинен-тик туруп иштеп бергени кубандырды. Мындай шартта шаардын башкы милициясынын жигердүү аракеттери жогорку бийлик төбөлдөрүнө деле жакса керек.

Албетте, айрымдар үчүн биздин каарман сыртынан болбурап, жоош көрүнгөнү менен ишке келгенде тартип менен тазалыкты башкы орунга коюп, күжүлдөп иштегени татыктуу эмей эмне?

Эми кара Кочкордун кулуну оң миндеген МЕНТтердин арасынан алдына келген буюрган ооматты татыктуу аркалай берсе, миллиондогон шаар тургундарынын батасына эле арзыйт.

Биз милицияны канчалык сындап, камчылаганыбыз менен керек кезде минтип колдоп да турабыз. Эми Стакең мындан ары да басма сөз менен коомчулук өкүлдөрүнөн качпай, элге жакын болсо, өздүк курам ичиндеги элдин «итиркейин келтирген» МЕНТтерден тазалап, үлгү болчу жаратмандык иштерин жаратса эле иши жүрүшүп турмак. Албетте, биз азырынча колдодук, калганын каарманыбыз этекке чаптырбай ишти жөндөп кетерине ишене туралы.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости