www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин түштүк кланыңдагы жек-жаатчыл, алысты көрө билбеген айрым шумпайлар кылдан кыйкым издешип, президенттик аппараттын маалымат саясатынын жетекчиси Толгонай Стамалиеваны жумуштан кетирүү боюнча интрига башташкан.

Айрым маалымат каражаттары аркылуу бир жактуу каралатышып. Эми ошол оюнду баягы эле президенттин жан-жөкөрлөрү козгоп атышканы кызык. Толгонай айымдын күнөөсү эмнеде?

Биз баам салып көрсөк, ал өз милдеттерин так аткаруу менен гана алектенип, мыйзамдын чийиминен чыкпаганы, бирок, каршылаш тараптарга кара пиарды уюштурбаганы менен өзгөчөлөнүүде.

Эске алсак, мурдагы «пиарщиктер» шефтерине жагалдануу үчүн акылдан сырт кетишип, артык кылуунун ордуна тыртык кылышып, тескери саясат жүргүзгөнүн билебиз.

Ток этери, дал ушундай интригалар менен президенттин «өздүк адамдары» кара так түшүрүп алышпайбы? Кызыгы, Стамалиеванын ордуна бара турган жигит түштүктөн, журналистика чөйрөсүндө кайнаган имиш. Минтип отурсак ойронубуз чыкпайбы? Ансыз да кадр саясаты жалпы жонунан арабөк абалда калып атса, анан ортодон кол ийрисине тарткан «серый кардиналдардын» өктөмү жүрө баштаса, жыргаган экенбиз...
Кубат КАРАЧЕВ

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости