www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коюлган ажаатканалар толук кандуу иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
- Дарааткана маселелер боюнча кемчиликтер болгон. Бирок алар биринчи күнү Кырчын иштей электе болгон кемчиликтер эле. Бүгүнкү күндө андай кемчилик көргөн жокпуз, бардык дааратканалар толук иштеп атат. Бир гана кезек күтүү маселе болбосо, башка маселе жок.
Эске сала кетсек, уюштуруучулар тарабынан колдон келишинче суусу менен ажатканалар курулган менен алар жетишсиздик кылды. Мындан тышкары ар бир 30-40 метрге акы төлөнүүчү ажатканалар да иштеп жаткан менен ал жерлерде деле кезекке тургандардын катары узарып жатты. Бул маселени алдын ала социалдык тармактардын колдонуучулары кызуу талкуулашкан. Ал тургай ажатканаларга бир нече миллион сом бөлүнгөндүгү да көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан эле.
Бирок канткен менен уюштуруучулар башка даярдык иштерин канааттандырарлык деңгээлде аткарышкан менен ажаткана көйгөйүн чече алышпаптыр. Себеби ар биринде экиден гана орун болгондуктан, кезекке тургандар көбөйүп кетти. Жок дегенде беш орун болгондо, мындай көйгөй жаралмак эмес беле деген коноктордун нааразычылыгын жараткан эле.
Булак: NazarNews.kg