www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентти экс-депутаты Өмүрбек Текебаевден зарыл болгон анализдерди алган Онкология борборунун врачтары анын калкан безиндеги шишикти так аныктай албай жатышат. Саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын билдиришинче, шишиктинзалалдуулугу экендиги азырынча аныкталган эмес. “Бирок, врачтар тезинен операция жасоо керектигин сунушташууда. Өмүрбек Текебаев хирургиялык кийлигишүүгө макулдугун бербей жатат. Ал азыр Неврология борборунда дарыланууда”, - дейт Токтакунова.

Анын айтымында, медиктер Өмүрбек Текебаевди адистердин сутка бою байкоосунда болушу шарт экендиги айтышып, азырынча аны №47 түзөтүү колониясына которууга болбостугун баса белгилешүүдө.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери 1-августта Улуттук кардология борборуна жаткырылган. Аны сот Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 2017-жылдын 16-августунда сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости