www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр талибандар өз өкүмүн жүргүзүп жатышкандай эле, ал кездеги жаңы бийлик көпчүлүк алдында көрсөтмө дарга асуулары менен таанылган. Сталин Индия океанына чыгыш үчүн үч вариантты эсине туткан болуу керек. 1939-жылдын аягында– эгер Британия Финляндия тараптан урушка кире турган болсо ага кургак жердин башка жагынан сокку уруу жагы ойлонулган. Эгер Гитлер британдыктарды каратып ала турган болсо анын колонияларын тартып алуу ниети турган. Үчүнчү вариант 1941-жылдын жазынан тарта ойлонула баштаган – алгач Германияны басып алып, континенталдык Европага толук кожоюн болгондон кийин Ортолук Чыгышты “революциялаштыруу” эч жакка качпайт деген ой да болгон.
Эмгекчилердин эл аралык майрамы – 1-майда шаарда Аманулланын бийлигине көшөрүп каршы турган алты адамды аянтта атышты. Примаков жогортон химиялык куралдарды арбын жөнөтүүнү суранган. Газ гранаталарын ага жөнөтүшпөдү, бирок кызыл авиация курчоого алгандарды бомбалоону күчөттү. Кыйын абалга кабылгандарга жардам бериш үчүн СССРден дагы 400 мыкты куралданган кызыл аскер жөнөтүлгөн. Мына ушул бөлүк курчоодо калгандар менен биригип, блокаданы талкалады. Бириккен отряд түштүктү карай, өлкөнүн борборуна бет алган.
Агабеков Мазари-Шарифтеги “Матвеев” деген жашырын ат менен жүргөн чалгын башкармалыгынын адиси ага кызыл атчандардын урушу кандай жүргөнүн айтып бергенин минтип эскерген: "Мазари-Шарифти алгандан кийинки үрөй учурган көрүнүштөрдү айтпай койбосом болбос. Отряд Таш-Коргонго, андан ары жылганда оор уруштар өттү. Мазари-Шарифти басып алгандан кийинки күнү эртең менен урушту улантып, эки күндөн кийин эч кандай каршылыксыз Таш-Коргонду алдык. Жолдо кезиккен адамдарды отряд атып салчу, антпесе алар биздин кабарыбызды душманга айтып коюшмак. Ушундай тактиканын натыйжасында биздин Кабулду басып аларыбыз Мазари-Шарифти каратып алгандан жети күндөн кийин белгилүү болгон. Кабулдан бизге каршы шашылыш аскер министри Сейид-Гусейн баштаган 3 миң атчандан турган отряд жөнөтүлгөн. Биз аларды Таш-Коргондон өткөндөн кийин Гейбактан анча алыс эмес жерден каршы алдык. Оогандыктарды пулемёт огу жетерлик жерге чейин коё берип, анан мөндүрдөй ок жаадырдык. Адамдар чалгы менен чапкандай былгандай кырылды. Жарым сааттан кийин Сейид-Гусейндин отряды артка чегинип артындагы тоонун капчыгайына жашынды. Ал жердегилерди артиллерия менен аткыладык. 3000 адамдан миңдейи гана аман калды… Өлүктөрдү жыйнаган киши жок. Он күндөн кийин ошол жол менен артыбызга кайтып келатсак сөөктөр бузулуп, жыйналбай жатыптыр. …Биздин балдар урушту мыкты билишет, бир аптага жетпей Кабулду деле ээлемекпиз, Аманулла Кандагарды кармап турса аны деле жасамакпыз”.
Ага жетпей падыша аскерлери тумшукка жегенден кийин 23-майда Аманулла четке качып, “конституциялык тартипти калыбына келтирчү” кызылдар июндун башында СССРге кайтып келишкен. Операцияга катышкандардын үч жүзү "Кызыл Туу" орденин тагынып, калгандары баалуу белектерге ээ болушкан. Кызыл аскерлердин урушта курман болгондору, жарадар болгондорунун саны 120 адамды түзгөнүн, оогандыктардын миңдеген кишилери жок кылынганын советтик тарап оперативдик отчётунда көрсөткөн. Бир жылдан кийин советтик кавалерия бригадасы дагы Ооганстанга басып кирген. Бул ирет алардын көздөгөнү СССРде согушуп бул жакка өтө качкан басмачыларды, коллективдештирүүнү жактырбай жер которуп кеткендерди жок кылуу эле.
Чек ара жанындагы уруштар тууралуу оперативдүү отчёттор жалаң ийгиликтерди гана саноо менен чектелген: "Ак-Тепе кыштагы өрттөлүп талкаланды, Али-Абад кыштагы толук талкаланды, оогандар жашаган жагы бүтүн калды, 35 чакырымга созулган Кундуз дарыясынын өрөөнүндөгү жер төлөлөр менен үйлөр тыптыйпыл талкаланды... 17 миңге чейин ок-дары жардырылды, 40 мылтык алынды, эмигранттардын болгон эгини өрттөлдү, малдын бир тобу айдалып келинди, калганы жок кылынды. Биздин жоготуулар – дарыяны кечип өтүүдө бир кызыл аскер агып кетти, бир взвод командири жана бир кызыл аскер жараланды”.
Бул операцияны жүргүзгөн Яков Мелькумов кийин Орто Азия аскер округунун кол башчысынын жардамчысы, 1937-жылы 15 жылга Колымага ГУЛАГга айдалган. Кабулдагы жарандык тирешүү Мухаммед Захир тактыга келген 1933-жылы токтогон. Шахтын бийлиги 1973-жылга чейин созулду. Примаковдун чабуулуна оогандыктар бекер каршы чыгышпаганын партиянын сүйгүнчүгү Николай Бухариндин 1936-жылдын 24-августунда Сталинге жолдогон катында белгилеген. Бухарин Тажикстандын коңшусу Ооганстанды керектөөнүн бейиши катары сыпаттайт, жапандар ал жерге арзан товарларды жайнатып тизип койгон. Ал эми советтик тараптагы кедейлик менен жетишпестик тууралуу кеп кылып деле кереги жок:
“Памир – жайкысын мен кыдырып көргөн жерлердин эң эле артта калган, жакыр аймак … Памирди камсыз кылуу боюнча түшүнүксүз бир нерселер болууда… Жакыр деген аймакта болгон товардын баарын сатып алып кетип жатышат. (…) Мергенчилик менен жан баккан калктын колундагы ок атуучу куралдын баарын жыйнап алдык. Анткен менен Чыгыш Памирде (какыраган кара таш, айрым бир жерлерде сербейген чөп) азыноолок малынын туягын санаган калктын көбү аңчылык менен жан багат. (…) Батыш Памирде калктын 90% көкнар тартат (анын айынан Ооганстандан аткезчилик менен апийим ташымай) мунун саясий залакасы кандай болорун эч ким билбейт. Азырынча биз ал жакка кантсе да “зыяны азыраак” спирт ташый баштадык. (…) Келгиндердин ал жерде иштеши кыйын. (…) Адамдар көп ооруйт, куурап баратышат”.
Бийликтин дыйкандарды ичимдикке көндүрүшү - аларды апийимден алаксытуу эмес. СССРдин башка мейкининдей эле аскердик керектөөгө жумшалчу опсуз кирешелерди алуу үчүн жасалган аракет болчу. Бухаринди болсо ачык катынан жарым жылдан кийин камакка алышып, 1938-жылкы ири террор тушунда атып салышкан. Кызылдардын канабайрамы 1939-жылы баарын согуштук нукка салууга алып келди. Калктын жашоо-турмушу 1930-жылдардын ортосундагы абалдан да начарлап кетти.
Сталиндин алдында дүйнөлүк болбосо да евразиялык кең мейкинди кантип ээлөө азгырыгы турду. Ал Европада согуш өртү башталганда Лондондо отургандарга араң жетти, британиялык эки министрликтин – тышкы иштер жана Индия иштери боюнча министрликтин 1939-жылдын 7-сентябрындагы биргелешкен билдирүүсүндө мындай деп белгиленген:
“Индиянын армиясы империялык күчтөрдүн жардамысыз Ооганстанды Орусиядан коргоп кала албайт, башка толгон милдеттенмелер турганда аны ишке ашырыш кыйын”. Алгачкы аракети ишке ашпай калгандан он жыл өткөндөн кийин Кремль экинчи ирет Ооганстанды басып алууга ниеттенди – бул жер өзгөчө баалуу жеңишке алып барчу көпүрө сыяктуу эле.
Аскер иштери академиясынын мүчөсү, профессор Сергей Репко ырастагандай, “1940-жылдын 16-февралынан тарта 1/1/176264 директивасына ылайык Орто Азия аскер округуна тиешелүү гезиттердин редакциясынын штаттары кеңейтилген, фарси, ооган, урду, англис тилдериндеги басылмаларда иштегендер көбөйүп, пенджаб редакциясы түзүлүп, аскерлер, өзгөчө Түштүк аскерлери аракеттенчү өлкөдө жашаган калктарга үгүт иштерин жайылтуу күчөгөн”.
(уландысы бар)
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg