www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды сак болууга чакырып, шылуундардын кылтагына илинип калбоону эскертти.
Улуттук банк социалдык тармак менен мессенжерлерде (WhatsApp, Telegram) сурамжылоо жүргүзүп, сый акы берип жатат деген маалымат боюнча комментарий берди.
Мекеме эч кандай сурамжылоо жүргүзбөгөнүн жана белгисиз сайттардын шилтемелери аркылуу маалымат таратпаганын айтып, мындай кат алган жарандарды эч бир шилтемеге кирбестен, аны өчүрүп, андан ары жайылтпоого чакырды.
"Жеке маалыматтарыңызды (картанын номерин, ПИН-код, картанын иштөө мөөнөтү, CVV/CVC-коддорун (коопсуздук коддору) эч жакка жазбагыла жана бербегиле. Ошондой эле буларды банк кызматкерлерине, туугандарга, укук коргоо органдарына да бербегиле. Себеби алдамчылар ар кимдин атына жамынып, сиздин жеке маалыматты алууга аракет кылат", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк картадан уурдалган акчаны кайтаруу мүмкүн эмес экенин эскертип, банктан операция жасалбаганын бир текшерип коюуга чакырган. Кокус өзүңүз жасабаган операцияны байкап калсаңыз, кырдаалды дароо жөнгө салуу үчүн банкка кайрылуу керек.
Булак: NazarNews.kg