www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жасалган "Байрактар" дрондорун сатып алуу иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов бүгүн, 12-ноябрда өткөн пресс-конференцияда билдирди.

"Байрактар" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аркылуу алынат. Ал аскердик техниканын баары эмнеге керек – өз багыты бар. Ал жагынан пландын негизинде иш жүрүп жатат".

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алчу учкучсуз аппарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости