www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Мирзиёевди Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да мамлекеттик өнүгүүдө маанилүү ийгиликтерге жетишерине ишеним артарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку потенциалын колдоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары комплекстүү өнүктүрүү максатында өзбек кесиптешин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирди. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, Өзбекстандын лидери каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Ошондой эле, ал жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусунун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери биргелешкен күн тартибиндеги бардык багыттар боюнча активдүү жана жемиштүү диалогду улантууга даярдыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости