www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көмүрдүн чекене баалары Кыргызстан боюнча 2021-жылдын 11-ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 14,7 пайызга жогорулап, бир тоннасы 5 942,9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 миң сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 344,7 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга, Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга, Талас – тоннасы 989,2 сомго же 17,4 пайызга жана Жалал-Абад – тоннасы 946,3 сомго же 16,2 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.
2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында
(бир тонна, сом)
Булак: NazarNews.kg