www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Ыстамбул шаарында калың жааган кардан жана аба ырайынан улам бир катар чектөө жана чара киргизилди. Бул тууралуу шаардын губернатору Али Эрликая билдирди.
Өзбекстандын Ыстамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, төмөнкү чектөөлөр жана чаралар киргизилген:
– үстүбүздөгү жылдын 26-январы, шаршемби күнү, коопсуздук, саламаттык сактоо, транспорт жана башка зарыл тармактарда кызмат өтөгөн кызматкерлерди кошпогондо, башка мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер үчүн да эс алуу күнү болот;
– мамлекеттик мекемелерде иштеген майыптар жана кош бойлуу аялдар 26чы, 27чи жана 28-январда эмгек өргүүсүнө чыгарылат;
– Эсенлер, Харам жана башка бардык автобекеттер 26-январь саат 09:00гө чейин жабылат;
– Ыстамбулдагы университет ректорлору менен макулдашуу боюнча студенттердин эс алуусу 31-январга чейин узартылат;
– жеке билим берүү жана реабилитациялык борборлордо каникул 26чы, 27чи жана 28-январга чейин узартылды;
– судьяларга жана прокурорлорго (нөөмөттөгүлөрдү кошпогондо) 25-26-январь дем алыш күндөрү экендиги билдирилди.
Маалымат үчүн айта кетсек, бул жумада Түркиянын бир катар шаарларын кар каптады. Калың жааган кардын кесепетинен өлкөнүн эң чоң шаары Ыстамбулда унаа каттамдары менен катар аба каттамдар да үзгүлтүккө учурады. Жолдордо ири тыгын болуп, эл унааларын жолдун жээгине токтотуп, жөө басууга аргасыз болду. Метродо жөө жүргүнчүлөрдүн агымынан улам тыгындар көбөйүүдо. Шаардагы соода борборлору жана бир катар ишканалар да жабылды. Ыстамбул аэропортунда каттамдар кармалып турат.
«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын басма сөз катчысы Камола Икромова QALAMPIR.UZ агенттигине билдиргендей, учурда Ыстамбул жана Анкарада Өзбекстандын эки учагы бар, бирок алар аба ырайына байланыштуу уча албай жатышат.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg