www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр тармактарын башкаруучу KEGOC компаниясынын системасында бузулуу болушу мүмкүн экенин Казакстан алдын ала билген.

Кептин баары 25-январда Өзбекстанга да, Кыргызстанга да таасирин тийгизген Казакстандагы электр жарыгынын өчүрүлүшү криптовалюта коллекционерлеринин айынан болгон эмес. Башкаруучу компания буга себеп катары өлкөнүн бирдиктүү энергетика системасында электр энергиясы менен энергия балансын сактоодогу чыңалууларды атады.

Кызыгы, 21-январда KEGOC өлкө боюнча 196 уюмга эскертүү кат жөнөткөн. «Учурда Казакстандын бирдиктүү электр тармагында электр жана энергия балансын сактоо боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Ушуга байланыштуу, учурдагы кырдаалды сактоо менен 2022-жылдын 24-январынан 31-январына чейинки мезгилге, анын ичинде санариптик майнинг менен алектенген ишканаларга пландалган электр энергиясын берүү (Нур-Султан убактысы боюнча саат 00:00дөн 24:00гө чейин) толугу менен токтотулду”, - деп айтылат расмий катта.

Казакстандын блокчейн жана дата борборлор өнөр жай ассоциациясынын президенти Алан Доржиевдин айтымында, электр энергиясына байланыштуу маселелер майнинг менен иштегендере эмес, инфраструктурада.

Кырсык Казакстандын аймагында болуп, өлкөнүн түштүк аймактарынан тышкары Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумуна таасирин тийгизген.

“KEGOC” Өзбекстанга системадагы туруксуздук тууралуу эскерткени же эскертпегени азырынча белгисиз.

"Конец света"

Кечээ, 25-январда, саат 11:00дө Өзбекстандын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Алгач Ташкен метросу токтоп, поезддер кечиге баштаган. Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы сууну да өчүргөн.

Кийинчерээк бир катар коңшу өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстан менен Кыргызстанда да, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Өзбекстанда бардык аэропорттор жабылган.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын электр тармагындагы ири авариянын кесепетинен Алматы, Чымкент, Тараз, Түркстан облустары жана аларга жакын аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Министрликтин маалыматына караганда, энергетика тармагын электр менен камсыздоо Ташкен облусундагы Чарвак, Хожикент жана Таваксай ГЭСтери, Навои районундагы Навои ТЭЦи, Каракалпакстан Республикасындагы Тахиаташ ТЭЦи жана Ферганадагы Фергана ТЭЦи аркылуу жүргүзүлгөн.

Ташкендин бир катар райондорунда да электр энергиясы калыбына келтирилди. Каракалпакстан Республикасы менен Хорезм облусунда электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости