www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канада Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн чыгарып кетет. Бул тууралуу ТРТ.Нет билдирет.
Канаданын глобалдык иштер боюнча бюросунун билдирүүсүндө (Global Affairs Canada), «Канадалыктардын, биздин кызматкерлердин, офицерлерибиздин жана үй-бүлөлөрүбүздүн чет өлкөдөгү коопсуздугу биздин башкы приоритетибиз», деп айтылган.
Билдирүүдө, «Украинадагы жана анын айланасында орусиялык аскерлердин көбөйүп жатканына жана туруксуздаштыруучу иш-аракеттерине байланыштуу биз Канаданын элчилигинин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн убактылуу чыгарып кетүү чечимин кабыл алдык. Украинанын Канададагы жана Киевдеги элчилигинин кызматкерлери кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүүнү улантат», деп жазылган.
АКШ менен Улуу Британия Украинадагы дипломатиялык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн эвакуациялоо чечимин кабыл алды жана бул чечимди Украинанын Тышкы иштер министрлиги «мөөнөтүнөн мурда» жана «өтө сактыктын белгиси» деп баалады.