www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январда чет элдик маалымат агенттиктери Борбор Азия республикалары Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу кырдаалды жазып чыгышты.

Би-би-синин маалыматына караганда, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанды байланыштырган электр чубалгысы катуу жабыркаган. Линиянын башталышы Россиянын аймагына барат. Казакстан аркылуу өтүп, Борбор Азия мамлекеттерин электр энергиясы менен камсыз кылган бул чубалгы мурдагы совет доорунда тартылган. Жыйынтыгында үч өлкөгө электр чубалгысы жогорку чыңалууга туруштук бере албай, иштен чыккан.

Казакстандын Алматы шаарында жана Өзбекстан менен Кыргызстандын бир катар аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, үч өлкөдө тең борбордук жылытуу, унаага май куюучу жайлар жана интернет иштебей калды.

Борбордук ооруканалардагы оор оорулууларды тейлеген маанилүү аппараттар генераторлордун жардамы менен колдонула баштады. Жер астындагы унаанын үзгүлтүккө учурашынын натыйжасында көптөгөн эл туннелдерде калды.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын борбору Ташкенде жол чырак иштебей калгандыктан, кеңири тыгындар пайда болуп, бир нече каттам токтотулган.

Бул көрүнүш - 1970-жылы тартылган электр чубалгыларынын канчалык «ишенимдүү» болгонун көрсөттү дешет.

Окуя боюнча Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү да билдирүү таратты.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, чыңалуунун жана жыштыктын кескин жогорулашынан улам Казакстандан келген борбордук электр менен камсыздоонун 530 линиясында электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Кыргызстандын энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Франс Пресс агенттигине телефон аркылуу билдиргендей, электр энергиясы аймактык электр тармагындагы авариядан улам өчкөн.

Казакстандын Улуттук электр менен камсыздоо борборунун маалыматы боюнча, «Өзбекстан менен Кыргызстандын энергетика тутумдарындагы олуттуу авариялык дисбаланстан улам Казакстандын электр тармактарында чыңалуу жогорулап кеткен.

Былтыр жайдын башында Казакстан менен Кыргызстанда да электр энергиясы ушундай эле өчүрүлгөн.

Бехруз Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости